27.09.2018 11:06

Кафенин жанындагы атышууну жашырып койгон милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кафенин жанындагы  атышууну жашырып койгон милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

«Империя пиццы» кафесинин жанында болгон атышууну жашырып койгон милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Иш Бишкек ШИИБинин жана 1-Май райондук ИИБинин кызматтык адамдарына карата «Бейбаштык», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык укуктарынан аша чабуу» беренелери менен ачылды.

«10-сентябрдан 11-сентябрга караган түнү Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Империя пиццы» кафесинин жанынан Бишкек ШИИБинин кызматкери Н.Н. бейбаштык кылып жана укуктарынан аша чаап, белгисиз куралдан ок чыгарган. Ал ок Бишкек шаарынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн милиционеринин оң бутуна тийген. Учурда жабырланган  А.Э. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатат», -деп билдирет Башкы прокуратуранын маалымат кызматы. 

Бул факт боюнча 11-сентябрда окуя болгон жерге Биринчи май райондук ИИБинен ыкчам-иликтөө тобу барган. Бирок, алар кызматтык абалынан пайдаланып, бул кылмышты жашырып, күнөөлүү адамга карата эч кандай чара көрүшкөн эмес.

Кылмыш иши териштирүү үчүн тиешелүү органга жөнөтүлдү.